Башкы
>
Жаңылыктар
97632 аскер бөлүгүнүн окуутуу дивизиону Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тарых музейине экскурсия кылышты
23.01.2025
130
2025-жылдын 22-январында 97632 аскер бөлүгүнүн окуутуу дивизионунун кызматкерлеринен турган топ, Бишкек шаарындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тарых музейине экскурсияга барышты. Бул иш-чара аскердик тарбия жана өлкөнүн тарыхына болгон кызыгууну арттыруу максатында уюштурулду.
Экскурсия учурунда аскер кызматкерлерине Кыргызстандын бай тарыхы, улуттук баалуулуктар жана өлкөнүн эгемендигинин бекемделишине байланыштуу маанилүү экспонаттар жана тарыхый окуялар боюнча маалыматтар берилди.
Бул экскурсия аскерлерге өз өлкөсүнүн тарыхын терең үйрөнүүгө, улуттук идеологияны кабыл алууга жана патриоттук духту күчөтүүгө зор мүмкүнчүлүк берет.